Эксперттер: Казакстандын президенти 2026-жылга чейин өлкөнүн өнүгүү багыттарын белгиледи

Эксперттер: Казакстандын президенти 2026-жылга чейин өлкөнүн өнүгүү багыттарын белгиледи

Президент Касым-Жомарт Токаевдын «Түркестан» гезитине берген маеги жаңы саясий жылдын башталышы жана өлкөнүн багытын аныктады. Башкача айтканда, өнүгүүнүн кең жолуна жол көрсөттү. Казакстан коомдук өнүгүү институтунун Башкарма төрагасы Жулдызай Ыскакова ушундай пикири менен бөлүштү. Анын пикиринде, маек казакстандыктарга өлкөдө жүргүзүлүп жаткан масштабдуу реформалардын маанисин ачып, коомго так диалог курууга мүмкүнчүлүк берди. Себеби, план айкын. Казакстан быйыл жаңыруунун жаңы этабына кадам таштады.

Жулдызай Ыскакова, «Казакстан коомдук өнүгүү институту» КЕАК башкарма төрагасы:

- Мени эң биринчи эмне кызыктырды? Балким, Президенттин өлкөдө саясий реформаларды жүргүзүү ниетинин маанилүүлүгүн белгилегенидир. Эске салсак, өткөн жылдан баштап жаңы салык кодекси боюнча иш башталды. Бул бюджеттик тартиптин жаңы этабы. Бул тарифтик саясаттын өзгөрүшүнө алып келет жана саясий реформалар жөнүндө жарыялоо аракети. Менин оюмча, президент маектешүүдө айткан маанилүү маселе, бардык реформалардын жалпы максатка багытталышы.

Санариптик технологиялар кошумча курал эмес, зарылчылыкка айланды. Жасалма интеллект сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, нейрондук тармактар дизайн жасайт. Ал эми роботтор жол салып, акылдуу түзүлүштөр секунда ичинде миллиондогон маалыматтарды талдайт. Биология илимдеринин доктору, профессор Күнсулу Закариянын айтымында, Казакстан дал азыр технологиялык өзгөрүүлөрдүн ылдамдыгына, экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө, инвестиция тартууга жана калктын жашоо сапатына түздөн-түз таасир эте турган мезгилде турат. Ошондуктан мамлекет билимди өнүктүрүүгө, инновацияны киргизүүгө жана өндүрүш менен башкаруу системасын жаңыртууга көңүл бурушу керек дейт.

Күнсулуу Закария, биология илимдеринин доктору, профессор, академик:

- Макензинин 2025-жылкы отчетунда дүйнөлүк ички дүң өнүмдүн 60 пайыздан ашыгы азыртан эле санариптик технологияларга көз каранды экени көрсөтүлгөн. Бул көрсөткүч жыл сайын өсүп келе жатат. Мунун өзү Макензинин отчету биздин Мамлекет башчыбыздын чоң стратегиялык багытынын дагы бир далили. Дүйнө өтө тездик менен өзгөрүүдө. «Келечек келет» дегени эбак эле маанисин жоготту. Келечек келди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков