Казакстандын президентинин ишкердик кеңеши кытайлык
бизнестин лидерлери менен эки тараптуу жолугушуулары менен уланды. Касым-Жомарт
Токаев Актөбе облусунда карбамид өндүрүүчү заводдун курулушунун долбоорун China
National Petroleum Corporation мүдүрлөр кеңешинин төрагасы Дай Хоулян менен
талкуулады.
Андан соң Мамлекет башчысы Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын президенти Цзинь Лицюн менен "жашыл" жана интеллектуалдык технологияларды өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Белгилей кетсек, каржы институту республикадагы ири инфраструктуралык долбоорлорго 2 миллиард доллардан ашык инвестиция салды.
Казакстан Президенти Huawei технологиялык компаниясынын мүдүрлөр
кеңешинин төрагасы Хуа Лянмен алдыңкы технологиялар жана санариптик чечимдер
жаатындагы өз ара кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн караштырды. Компания өлкөдө
сервердик инфраструктураны жаңыртуу жана инновациялык телекоммуникация
технологияларын киргизүүгө кызыкдар.
Ошондой эле Мамлекет башчысы Sany Group мүдүрлөр кеңешинин төрагасын кабыл алды. Сян Вэньбо корпорациянын Казакстанда адистештирилген техниканын жогорку технологиялык өндүрүшүн куруу планы менен бөлүштү. Sany Group бүгүнкү күндө кубаттуулугу 1 ГВт болгон шамал электр станциясын куруу долбоорун иштеп чыгууга киришти.
China Energy Engineering Group компаниясынын башкы мүдүрү
Ни Чжэнь президентке Казакстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирген туруктуу
электр линияларын курууну сунуштады. Мындан тышкары, кытайлык компания маалымат
борборун куруу үчүн инвестиция салууга ниеттенүүдө.
Президент Кытай улуттук ядролук өнөр жай корпорациясынын мүдүрлөр
кеңешинин төрагасы Шэнь Яньфэн менен атом өнөр жайындагы өнөктөштүк боюнча
пикир алмашты.
Касым-Жомарт Токаев кытайлык CRRC мүдүрлөр кеңешинин
төрагасы Сунь Юнцай менен жолугушууда Казакстанда локомотивдерди өндүрүүнү
жолго коюу жана сервистик борборлорду куруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

