Өндүрүш тармагына жасалма интеллект чечимдери киргизилет

Өндүрүш тармагына жасалма интеллект чечимдери киргизилет

Казакстандын өнөр жай ишканаларына жергиликтүү IT-иштеп чыгуучулардын жасалма интеллект чечимдери киргизилет. Санариптик технологияларды өндүрүшкө тоо-кен металлургиялык комплексинин, унаа жасоо, курулуш, транспорт жана логистика тармактарынын 20дан ашык ири компаниясы киргизүүнү көздөөдө. IT-компаниялар алардын суроо-талаптары менен Industrial AI Acceleration алкагында иштешти. Программага 100дөн ашык стартап катышып, 33 инновациялык долбоор тандалып алынды.

Анарбек Утегулов, Astana hub 4.0 Индустриясынын кеңсесинин мүдүрү

- Ал жерде 7 долбоорду пилоттук ишке киргизүү боюнча макулдашууларга жетишилди жана дагы 15тен ашык компания пилоттук форматты талкуулап жатат. Бул демилге жасалма интеллекттин алдыңкы чечимдерин өндүрүшкө киргизүүгө жаңы дем берет. Ири өнөр жай объекттери долбоорлорубузду сынап көрүп, андан кийин кеңири колдонууга өтөт.

Ишкананын программасынын алкагында катышуучуларга өндүрүштүк процесстерди жакшыртуу үчүн 140 тапшырма берилди. Атайын маалымат базасында сакталган бул суроо-талаптар менен командалар иштеп, жасалма интеллект чечимдерин иштеп чыгышты. Эң мыкты долбоорлор масштабдоо, инвестиция тартуу жана андан аркы эксперттик колдоо боюнча жардам алышты. Мисалы, IDM-ONLINE командасы 30 өнөр жай аянтчасында мониторинг системасын сынап көрдү жана азыр өнөктөштүк мамилелерди түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Муса Сманов, IDM-Online компаниясынын мүдүрү:

- Кардиограмманы дарыгер алат, ал кардиограммага карап диагноз коёт, биз дагы вибрацияны алабыз жана ушул вибрация боюнча биздин математикалык аппаратыбыз ар кандай бузулууларды аныктай алат. Ал эми жасалма интеллект өнүгүүнүн даражасын, башкача айтканда, бул катачылык канчалык татаалдашканын аныктайт жана ал сунуштарды берет. Ал эми биздин системаны киргизүү токтоп калууну кыскартууга мүмкүндүк берет. Башкача айтканда, биз пландан тышкаркы токтоп калууну кыскартабыз. Ошонун эсебинен өндүрүмдүүлүктү жогорулатабыз. Негизинен, ишкана биздин системаны киргизүүнүн аркасында таза кирешесин 4% чейин көбөйтө алат деп айтып жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков