Казакстанда жаңы окуу жылында 4 миллиондон ашык окуучу партага отурду

Казакстанда жаңы окуу жылында 4 миллиондон ашык окуучу партага отурду

Казакстанда 360 миңден ашуун бала биринчи жолу мектепке барды. Жалпысынан 4 миллиондон ашык окуучу партага отурду. Алардын ичинен 232 миңи 11-класста окуйт. Билим дүйнөсүн аларга 600 миңден ашуун педагог ачат. Өлкө боюнча 8 миңден ашуун мектеп ачылган. Алардын 130у «Келечек мектептери» улуттук долбоорунун алкагында ачылган. Белгилей кетсек, бул окуу жылынан баштап программага өзгөртүүлөр киргизилет. Бардык класстарда окуучулар жасалма интеллекттин негиздерин үйрөнүшөт. Ал эми жогорку класстын окуучулары үчүн эрте кесипке багыт берүү системасы киргизилип жатат. Тарбиялык ишке болгон мамиле да өзгөрдү. Эми ал «Адал азамат» бирдиктүү программасынын негизинде курулат. Ошондой эле, «ДосболLIKE» буллингдин алдын алуу иш-чарасы башталат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков