Казакстан менен Италиянын окумуштуулары биргелешкен
долбоорлорду талкуулашты. Астанада «Илим жана чыгармачылык» аттуу конференция
өттү. Иш-чараны борбор калаадагы Назарбаев университети Италиянын Казакстандагы
элчилиги жана Италия маданият институту менен биргеликте уюштурган. Жыйынга
катышкандар мамлекетте биргелешкен илимий демилгелерди ишке ашыруу учун чоң
дарамет бар экендигин баса белгилешти. Адистер тармакты заманбап жол менен
өнүктүрүү керек деген пикирге кошулат. Башкача айтканда, фундаменталдык изилдөөлөрдө
санариптештирүү, жасалма интеллект мүмкүнчүлүктөрүн, гуманитардык жана
табигый-техникалык багыттарды айкалыштыруу максатка ылайыктуу. Буга мисал
катары Creative Industries тармагындагы ата мекендик адистердин инновациялык
ойлоп табууларын айтсак болот.
Елтай Рахманов, NAZARBAYEV UNIVERSITY медицина мектебинин
окутуучусу:
- Эң бир инновациялык долбоорлордун
бири - бул биздин кардиология долбоорубуз-бул минималдуу инвазивдүү ыкмаларды
колдонуу менен кардиологиядагы диагностикалык методдорду жакшыртуу боюнча
долбоорлор. Экинчи долбоорубуз-Италиянын эң ири инновациялык компаниялары болгон
Technobody, Technogym деген сыяктуу компаниялардын аркасында реабилитациялык
долбоор, башкача айтканда, теле реабилитациялык аппараттар. Казакстандын алыскы
калктуу-конуштарына реабилитациялык жардамдын аралыктан жеткирүү мүмкүнчүлүгү
пайда болду.
Антонелло Де Риу, Казакстандагы Италиянын элчиси:
- Италия Казакстан менен маданият тармагында кызматташууну
кеңейтүүгө ниеттенүүдө. Муну сиздердин өлкөдө жаңы түзүлгөн маданият институту
далилдеп турат. Бул мекеме эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө жаңы дем
берет деп ишенем. Ал Алматыда болгонуна карабастан, өлкөнүн бардык аймактарында
иштейт. Бир катар жаңы долбоорлор ишке ашырылууда. Ошентип, азыр Италия
адабиятынын шедеврлерин казак тилине которуу иштери жүрүп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

