Азиянын алдыңкы университеттеринин рейтингине Казакстандын ЖОЖдору кирди

Азиянын алдыңкы университеттеринин рейтингине Казакстандын ЖОЖдору кирди

Казакстандык университеттер 2025-жылы Азиянын мыкты окуу жайларынын рейтингине кирди. Жаңы тизмеде 35 ата мекендик окуу жайы бар. Тактап айтканда, алар - Казак улуттук университети, ЕУУ, Сатпаев университети, Казак Улуттук педагогикалык университети, Түштүк Казакстан, Казак агрардык изилдөө, Караганды жана эл аралык казак-түрк университеттери. Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, бул өлкөнүн тарыхындагы абсолюттук рекорд. Жалпысынан рейтингде бардыгы 25 мамлекеттен алдыңкы 985 окуу жайлары сунушталган. Белгилей кетсек, дагы эки тизмеде - MBA жана магистратура программаларында, ошондой эле дүйнөнүн мыкты студенттик шаарларында-Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан гана сунушталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков