Орал шаарында ири логистикалык хаб курулат

Орал шаарында ири логистикалык хаб курулат

Казакстанда Евразиялык индустриалдык-логистикалык хабдын курулушу башталды. Келечектеги объектинин пайдубалын түптөө аземи Орал шаарында өттү. Бул жерде үчүнчү тараптын жүктөрүн сактоо жана иштетүү үчүн ачык типтеги бажы кампасы пайда болот. Жаңы хаб бизнес үчүн тартуу борбору болуп, Казакстандын Евразиянын маанилүү транспорттук-логистикалык борбору катары позициясын бекемдейт деп күтүлүүдө. Белгилей кетсек, Орал эл аралык транспорттук каттамдардын кесилишинде жайгашкан жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рынокторуна түз чыгуу менен заманбап индустриалдык-логистикалык борборду түзүү үчүн олуттуу дараметке ээ.


Султангали Кинжакулов, «Kazakh Invest» улуттук компаниясы» акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы:


– Долбоорго жалпы инвестициянын көлөмү 130 миллион долларды түзөт. Биз бул долбоор соодага, логистикага жана өндүрүшкө оң таасирин тийгизет деп ишенебиз. Логистикалык хабда А классындагы ири кампалар курулат, ошондой эле өндүрүштүк объектилер жана бажы инфраструктурасы жайгаштырылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков