Мажилистин төрагасы Ерлан Кошанов
Кытайга болгон расмий сапарынын алкагында Шинжаң-Уйгур автоном районунун
борбору Үрүмчү шаарына барды. Белгилей кетсек, Казакстандын Кытай менен болгон
соодасынын жарымынан көбү ШУАРга
туура келет. Муну менен катар, соода жүгүртүүнүн өсүү динамикасы таң
калтырат. Буга өткөн жылдын жетинин
айындагы
өз ара визасыз режимдин киргизилиши чоң
роль ойногон. Ал эми жакында бул жерде QazTrade соода өкүлчүлүгү ачылып,
Аягөз-Тачэн темир жолунун үчүнчү чек ара бекетинин курулушу башталат. Бул долбоорлор
эки өлкөнүн бизнес байланыштарын мындан ары кеңейтүү максатында иштелип чыккан.
Мажилистин спикери бул тууралуу ШУАР Компартиясы комитетинин катчысы Ма Синжуй менен
сүйлөштү. Тараптар эки жактуу кызматташуунун абалын жана келечегин, анын ичинде аймактар
аралык кызматташуу форматын талкуулады.
Ошондой эле, Казакстандын аймагында электрондук коммерция үчүн биргелешкен
аймактык кампа инфраструктурасын түзүү идеясы тууралуу сүйлөшүштү. Анда транспорт жана логистика, айыл чарба, трансчегаралык
суу ресурстары жана туризм тармагындагы кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл
бурулду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков