Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынында Уюмдун быйылкы ишинин негизги багыттары талданып, алдыдагы мезгилге арналган артыкчылыктары аныкталды. Саммитке Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, ошондой эле Кыргызстан, Орусия, Беларусь жана Тажикстандын башчылары катышты. Мамлекеттердин башчылары эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты. Жыйындын жүрүшүндө келерки жылдан баштап ЖККУнун Башкы катчысы кызматына Кыргызстандын өкүлү Таалатбек Масадыковду дайындоо тууралуу чечим бекитилди. Отурумдун жыйынтыгы боюнча Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясы кабыл алынды. Ошондой эле Уюмга мүчө мамлекеттердин кызыкчылыгына ылайык жамааттык коопсуздук тутумун ар тараптуу өркүндөтүүгө багытталган бир катар документке кол коюлду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

