Түркестанда мамлекеттик айыптоочулардын биринчи эл аралык форуму өттү

Түркестанда мамлекеттик айыптоочулардын биринчи эл аралык форуму өттү

Түркестанда Мамлекеттик айыптоочулардын биринчи эл аралык форуму болуп өттү. Ага Борбор Азия өлкөлөрүнүн, ошондой эле Азербайжан жана Венгриянын прокурорлору катышты. Эки күн ичинде көзөмөл органдарынын өкүлдөрү жана серепчилер тажрыйба алмашып, улуттук сот адилеттиги системаларын өнүктүрүү, ошондой эле кызматташтыкты чыңдоо жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча практикалык чечимдерди талкуулашты. Мисалы, жергиликтүү мамлекеттик айыптоочулар укук бузууларга нөлдүк чыдамкайлык принцибин жана жазанын сөзсүз түрдө болушун камсыз кылуу боюнча демилгелери менен бөлүшүштү. Ошондой эле форумдун катышуучулары адам укуктарын коргоо жаатындагы иштери тууралуу айтып беришти. Укуктук чөйрөдө санариптештирүү жана жаңы технологияларды колдонуу маселелери талкууланды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков