Опералия фестивалы казакстандык жана дүйнөлүк жылдыздардын башын бириктирди

Астанада Европа менен Азия опера сахналарынын жылдыздары Опералия фестивалында өнөр көрсөтүп жатат. Иш-чарада Испания, Италия, Казакстан, Кытай, Орусия, Тажикстан, Грузия, Украина жана Чехиядан келген белгилүү артисттер өз өнөрлөрүн тартуулашты. «Астана Опера» театрынын солисттери үчүн бул фестиваль чыныгы искусство майрамына айланды. Алар италиялык артисттер Дезири Ранкаторе, Альберто Газале жана Джулио Пеллигра менен бирге опералык шедеврлерден арияларды аткарышты.  Сахна модасына айланган чыгармалардын бири — ата мекендик «Турандот» операсы.

Еренбек Тойкенов, «Астана Опера» театрынын режиссёру:

-Биздин көрүүчүлөр спектаклдерге келгенде чет өлкөгө чыкпай эле ушул жерден дүйнөлүк аренада жүргөн артисттерди көрө алышат. Дегеле биздин спектакль европалык стандартка жооп берген, дүйнөлүк аренада сыймыктануу менен койо ала тургандай опералардын бири ушул - «Турандот» болду.

Жалпысынан иш-чара казак опера өнөрүн жайылтуу аянтчасына айланды. Көрүүчүлөргө «Эңлик – Кебек», «Кыз Жибек», «Алпамыс» жана «Камар сулуу» операларынан үзүндүлөр коюлду. Конокторго Анвара Садыкова менен Алмат Шамшиевдин хореографиясына коюлган «Жармаңке» аттуу жаңы бий спектакли сунушталды.

Еренбек Тойкенов, «Астана Опера» театрынын режиссёру:

-Менин байкашымча, көбүнчө чет өлкөлүк жарандар абдан кызыгуучулук менен карайт. Анткени классикалык чыгармалар баарына тааныш. Дүйнөнүн театрларында көрүнүп турат. Репертуарында бар болгондуктан, бул тааныш нерсе. Ал эми биздин улуттук опера алар үчүн экзотика. Бейтааныш операны көргөндөн кийин алар үчүн абдан кызыктуу. Аны ашыга күтөт. Айрыкча биздин Абай операсы, Кыз Жибек операсына чет элдиктер көп келишет.

Жакын арада Астана шаарынын тургундарына жана конокторуна 2 бөлүктөн турган «Махаббат сусыны» операсы тартууланат. Андагы ролдордун басымдуу бөлүгүн  Эл аралык опера академиясынын бүтүрүүчүлөрү аткарышат. Бул жаш артисттердин мындай чоң сахнадагы алгачкы кадамдары болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков