Астана Борбор Азия мамлекеттери менен бажы тармагы боюнча тажрыйба алмашууда

Дүйнөлүк жеткирүү чынжырлары жана заманбап соода инновацияларды талап кылат. Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрү Астанада өз ара соода алмашууну жөнгө салуу максатында бажы тобокелдигин башкаруу боюнча көндүмдөрүн алмашууда. Тышкы соода жол-жоболорун оптималдаштыруунун бирден-бир жолу квалификациялуу адисти даярдоо болуп саналат. Бул үчүн Дүйнөлүк бажы уюму жана Жапон эл аралык кызматташтык агенттиги (JIGA) атайын окуу программасын иштеп чыгышкан.

 Мотохиро Фуджиммитсу, дүйнөлүк бажы уюму менен JIGA биргелешкен программасынын менеджери:

– Чебер-адистер программасынын максаты - аймактагы соода агымын көбөйтүү жана жеткирүүлөрдүн коопсуздугуна көмөктөшүү. Борбордук Азиянын Ортоңку коридору – Транскаспий эл аралык каттамынын мааниси өсүүдө. Ошондуктан ушундай жол менен тобокелдикти талдоо шектүү товарларды аныктоонун ачкычы болуп саналат. Башкача айтканда, товар жүгүртүүнү оптималдаштырат. Муну ар бир бажы кызматкери билиши керек.

Ошондуктан, программанын алкагында катышуучулар тобокелдиктерди башкаруу системасын жана товарларды жеткирүү мөөнөтүн изилдөөгө басым жасашат. Тармакка санариптик системаларды киргизүү үчүн инвестиция тартуунун маанилүүлүгү да талкуунун чордонуна айланат. Бул жаатта башкалары да казакстандык адистерден сабак алышат.

Касымкулова Ляззат, мамлекеттик кирешелер комитетинин окуу-методикалык борбору башчысынын орун басары:

– Бизде бажы тармагы өтө жогорку деңгээлде санариптештирилген. Көптөгөн жаңы долбоорлор ишке ашырылууда. Ар бир бажы бекетинде рентген аппараттары жайгашкан. Рентген аппаратын колдонуу менен видео талдоону үйрөтүп жатабыз. Бажы гана эмес, чек ара бөлүмүнүн кызматкерлери дагы окуудан өтүшөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков