К. Токаев Москвадагы аскердик парадга барды

К. Токаев Москвадагы аскердик парадга барды

Мамлекет башчысы Жеңиштин 79 жылдыгына карата Москвадагы Кызыл аянтта өткөн аскердик парадга барды. Муну менен катар, мамлекет башчысы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышты. Парадга Касым-Жомарт Токаев жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен катар Беларусь, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, ошондой эле, Куба, Лаос жана Гвинея-Бисаунун президенттери күбө болду.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков