ОПЕК+ келишимине мүчө мамлекеттер мунай өндүрүүнү баш оона айынан тартып суткасына 400 баррелге көбөйтүүнү макулдашышты. Ошентип, быйыл жыл соңуна карата көлөм пандемияга чейинки деңгээлге, тактап айтканда, суткасына эки миллион баррель көрсөткүчкө жетет. Анын эсебинен рынокто өсүп жаткан таңкыстыктын алдын алууга мүмкүн болот. Серепчилер мындай чечимден кийин мунай баасынын бир челеги 60-70 долларга чейин түшөт деп эсептешет.
Ошол эле учурда ОПЕК+ алкагындагы макулдашууга ылайык Казакстандын баш оона айындагы квотасы суткасына бир жарым миллион баррелди түзөт. Бул тууралуу аталган келишимге мүчө-мамлекеттердин министрлик отурумунан кийин профилдик мекемеден билдиришти. Эми ай сайын мунай өндүрүү суткасына орточо 16 миң баррелге көбөйтүлүп турат.