«Убакыттын чыныгы шайкешитиги». Борбор калаанын Улуттук музейинде сүрөтчү Дарья Калимова-Кастееванын көргөзмөсү ачылды. Иш-чара өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган. Экспозиция - жаш чебердин чыгармачыл эмгектеринин бет ачары болуп саналат. Булар негизинен декоративдик жана колдонмо искусствонун экспонаттары, тактап айтканда гобелендер.
Дария Калимова – Кастеева, сүрөтчү:
- Кенепке сүрөт тартам. Мындай кичинекей иштер, бул келечектеги гобелендерге даярдык көрүү. Гобелен узакка, айлап токулат, бирок бул мага абдан жагат.
Көргөзмө аянтында Дариянын атасы, атактуу казакстандык сүрөтчү Мухит Калимовдун эмгектерин да көрүүгө болот. Анын портреттери - чеберчилик, мүнөздүү нюанстарды колдонуу, чыныгы көркөм чыгармаларды жаратуу үчүн жумшак, түрдүү түстөрдү тандоо. Көргөзмө аяк оона айынын аягына чейин уланат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков