Казакстанда абанын температурасы -43кө чейин төмөндөйт

Казакстанда абанын температурасы -43кө чейин төмөндөйт

Синоптиктердин божомолунда жакынкы үч күндө өлкөнүн көпчүлүк аймактарында абанын температурасы -30 градуска чейин төмөндөсө, айрым жерлерде -43кө чейин суук болот. Адистер буга Арктикалык антициклон себеп болгонун айтышууда. Жакынкы күндөрү ал республиканын түштүк аймактарына алмашат. Казгидромет билдиргендей, өлкөнүн түштүк жана түштүк-чыгышындагы тоолуу райондордо калың кар жаайт. Азыр Казакстандын 10 облусунда катуу шамал тууралуу эскертүү жарыяланды. Айрым жерлерде шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Буга чейин өлкөдө 120дан ашык жол тилкелери жабылган.

Айрыкча дизелдик кыймылдаткычтар менен жабдылган автобустар менен жеңил унаалардын кыймылы токтотулду. Адистердин айтымында, бул иш-чара жолдордогу авариялык кырдаалды болтурбоо үчүн аргасыздан жасалып жатат. “КазАвтожол” айдоочуларды алыскы жолго чыкпоого жана аба ырайынын өзгөрүшүнө көз салууга чакырат. Айта кетүүчү нерсе, аба ырайынын ыңгайсыздыгына байланыштуу өлкөнүн айрым аймактарында мектеп окуучулары жана студенттер аралыктан окутуу форматына өткөрүлдү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков