Касым-Жомарт Токаев Казакстан элинин биримдиги күнү менен куттуктады

Касым-Жомарт Токаев Казакстан элинин биримдиги күнү менен куттуктады

Касым-Жомарт Токаев өлкө калкын алдыдагы Казакстан элинин биримдиги күнү менен куттуктады. Куттуктоонун тексти Акорданын сайтына жарыяланды. Президент бул майрам казак жеринде кылымдар бою бекем тамырлап келген достук жана биримдик, өз ара урматтоо жана ишеним сыяктуу кымбат баалуулуктарга негизделгенин белгиледи.

«Эгемендүүлүк мезгилинде негизделген «ар түрдүүлүгүбүз – биримдикте» принциби Казакстандын көп кырдуу маданияты менен салтын баа жеткис байлыкка айландырды. Ынтымак, биримдик, мекенчилдик улуттук коддун өзөгү болуп калды. Биздин элибиз адилеттүү, прогрессивдүү, гүлдөгөн мамлекетти курууга умтулгандыгы менен бирдиктүү. Коомдогу туруктуулук жана ынтымак, өз ара колдоо жана чыгармачыл эмгек аркылуу биз ар кандай кыйынчылыктарды жеңип, алдыга койгон максаттарыбызга жетебиз. Баарыңыздарга чың ден-соолук жана бакубат жашоо каалайм! Ар бир үй-бүлөдө тынчтык жана өз ара түшүнүшүү болсун!», – деп айтылат куттуктоодо.

Айта кетсек, Казакстан элинин биримдиги күнү салттуу түрдө 1996-жылдын бугу айынын 1нен баштап белгиленип келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков