Александр Недовесов чоңдор арасындагы теннис боюнча мелдеште чейрек финалга чыкты. Astana Open сериясындагы турнирдин биринчи жуптук беттештери орун алды. Казакстандын эркектер курама командасынын лидери Александр Недовесов эквадордук Гонсало Эскобар менен бирге аргентиналык Себастьян Баэс жана испаниялык Бернабе Сапата Миральеске каршы турушту. Бул кармашта биринчи жуптук беттешүүдө 6:3 эсебинде жеңишке жетишти. Алардын кийинки атаандаштары кийинчерээк белгилүү болот. Казакстандык теннисчи өз өлкөсүндө ойноо эки эсе жоопкерчиликти талап кылаарын айтат. Ошондуктан жеңишке жетүү абдан маанилүү. Жолугушуудан кийинки пресс-конференцияда Александр Недовесов жуптук беттеште лидер жок экенин, экөө тең бирдей көрсөткүчтө болуп жатканын белгиледи.
Александр
Недовесов, теннисчи (Казакстан):
-Биз позицияларды
оңой эле алмаштыра алабыз. Бири-бирибизге жакшы көнүп калдык. Арабыздан бирөөбүз
лидер деп айта албайм. Бул биздин артыкчылыгыбыз деп ойлойм. Муну оюндун
жүрүшүндө көрүүгө болот. Башка жуптар сыяктуу бири-бирин коргоп жүрүү деген
жок. Бири-бирибизди колдоп, ынтымакта иштейбиз. Албетте, бул биринчи кезекте өнөктөштүккө
болгон ишенимден улам деп ойлойм. Башкача айтканда, бизде жакшы өз ара
түшүнүшүү бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков