Казакстан Жапониянын Осака шаарында өтүүчү ЭКСПО 2025
көргөзмөсүнө катышат. Тиешелүү келишимге кол коюлганын «KazExpoCongress»
улуттук компаниясы билдирди. Учурда Бүткүл дүйнөлүк ЕХРО көргөзмөсүнө даярдык
иштери башталып, уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө. Белгилей кетсек, көргөзмө
Юмешима жасалма аралында 2025-жылдын чын куран айынын тогуздун айына чейин
өтөт. Анын жалпы аянты 155 гектарга жакын. Казакстан павильону Италиянын,
Нидерландиянын, Сингапурдун жана Болгариянын павильондору менен катар
жайгашат. Уюштуруучулардын айтымында, көргөзмөгө дүйнөнүн 150
өлкөсүнөн 28 миллиондон ашык адам келет жана 25 эл аралык уюмдун өкүлдөрүнүн
катышуусу күтүлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков