Жүргүзүлүп жаткан реформалардын аркасында Казакстандын дүйнөлүк геосаясаттагы ролу жогорулап жатат. Мындай пикирин азербайжандык дипломат Намик Алиев билдирди. Анын үстүнө республикада бардык тармактар боюнча натыйжалуу иштер жүргүзүлүүдө. Экономикалык аспектиде Транскаспий эл аралык транспорттук багытын өнүктүрүү маанилүү.
Намик Алиев, саясат таануучу:
- Касым-Жомарт Токаевдин алты жылдык президенттик мөөнөтү
мамлекетти кантип натыйжалуу башкаруунун ачык мисалы, бул коңшу жана кошуна
эмес мамлекеттер менен мамилени кантип куруунун, мамилелерди кантип
экономикалык негизде түзүүнүн жана албетте, бул мамлекеттердин ортосундагы
маданий кызматташтыктын, маданий алмашуунун өнүгүп, кеңейип баратканынын ачык
мисалы деп ойлойм.
Грузин саясат таануучусу да ушундай пикирде. Вахтанг
МайсАя Казакстанда жүргүзүлүп жаткан саясий реформалар Түштүк Кавказ өлкөлөрү
үчүн үлгү деп эсептейт. Саясат таануучу өзгөчө өлкөдө президенттик жана
парламенттик шайлоолор жогорку деңгээлде өткөнүн баса белгиледи. Маалыматка
ылайык, ал эл аралык байкоочу катары катышкан. Буга кошумча, Вахтанг МайсАя
президент Токаевдин эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон жеке салымын өзгөчө
белгиледи.
Вахтанг МайсАя, саясат тануучу:
- Грузия менен Казакстандын ортосундагы мамилелердин
деңгээли буга чейин стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чейин өскөн. Биз жакшы
коңшу, абдан жакшы достордон болгонубуз менен стратегиялык өнөктөштүктүн
деңгээли көтөрүлгөн жок. Эми Касым-Жомарт Токаев шайлангандан кийин бул
мамилелер стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чейин өстү. Бул грузин расмий
делегациясынын Астанадагы сапары жана Казакстандын жогорку даражалуу расмий
өкүлдөрүнүн Грузияга сапары учурунда жазылган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

