Казакстан санариптик активдер тармагын өнүктүрөт

Казакстан санариптик активдер тармагын өнүктүрөт

Сенаторлор Казакстандагы санариптик активдердин өнүгүүсүн талкуулашты. Депутаттар жана мамлекеттик орган өкүлдөрү тиешелүү мыйзам кабыл алынгандан бери майнинг менен алектенүүгө 70 лицензия берилип, 12 криптобазарда иштеген 400 миңден ашык түзүлүш катталганын айтышты. Мындан тышкары, Астана Эл аралык Каржы Борборунда 27 санариптик провайдер кызмат көрсөтөт. Улуттук банк төрагасынын орун басары рынокту жөнгө салуу жана инвесторлорду коргоого керектүү мыйзамдык түзөтүүлөрдү сунуштады. Мындан ары, инвесторлорго колдонууга уруксат этиле турган криптовалюталардын тизмеси бекитилип, кызмат көрсөтүүчү провайдерлерге керектөөчүлүк операциялар боюнча чектүү өлчөм белгиленмек. Бул демилгелер көмүскө криптокаржы айлануусун кыскартып, керектөөчүлөрдүн укугун коргоого мүмкүнчүлүк берет. Берик Шолпанкуловдун айтымында, санариптик каржы активдерин экономикалык айланууга киргизүү жана ага керектүү инфраструктура жасоо үчүн жаңы деңгээлдеги санариптик куралдарды ишке киргизүү зарыл.

 

Берик Шолпанкулов, Улуттук банктын төрагасынын орун басары:

 

- Үч түрдүү санариптик каржылык активдерди колдонууга киргизүү пландаштырылган. Биринчи түрү – стейблкоиндер, алардын базалык активи күнүмдүк жашоодо жүгүртүүдө жүргөн адаттагы колдонуштагы акча. Мындан ары стейблкоинди чыгаруу жана жүгүртүүгө киргизүү тартибин Улуттук банк белгилейт.Санариптик финансынын экинчи түрү – базалык активи катары топтолгон каражат же ар кандай финансылык куралдар, менчик укугун тастыктаган документтер, товарлар жана башка мүлк түрлөрү негиз болгон санариптик финансы. Электрондук каражаттын үчүнчүсү – санариптик платформада жана электрондук-санариптик үлгүдө чыгарылган финансылык куралдар.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков