2035-жылга карата ата мекендик өндүрүш объектилеринен чыккан зыяндуу заттар 300 миң тоннадан ашык кыскарары күтүлүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Премьер-министринин төрагалыгы алдында өткөн «Жашыл экономикага» өтүү боюнча кеңештин жыйынында айтылды. Жыйында абага зыяндуу заттарды чыгарууну азайтуу, ишканаларга жаңы технологияларды киргизүү, туруктуу өнүгүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча иш-чаралардын жүрүшү каралды. Олжас Бектенов өлкөнүн «жашыл» экономикага өтүүсүндө жана көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүдө бейөкмөт сектордун, илимий коомчулуктун жана бизнестин биргелешкен ишинин маанилүүлүгүн белгиледи. Жыйындын корутундусунда Премьер-министр жооптуу министрликтерге бир катар тапшырмаларды берди.
Которгон: Назира Бегалиева

