Мамлекет башчысы Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасын кабыл алды. Ермек Сагимбаев Президентке актуалдуу чакырыктарды жана коркунучтарды эске алуу менен улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мекеме тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди. Атап айтканда, Касым-Жомарт Токаевге эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге каршы аракеттенүү, уюшкан кылмыштуулук, наркобизнес, киберкоопсуздукту камсыздоо, мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу чөйрөлөрүндөгү кырдаал жөнүндө айтып өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында Президент улуттук коопсуздук органдарынын ишмердигинин негизги багыттары боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

