Мамлекет башчысы «Шелл» концернинин Казакстандагы кызматынын 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышты. Касым-Жомарт Токаев өз сөзүндө бул эл аралык энергетикалык концерн өлкөнүн мунай жана газ тармагындагы алгачкы чет элдик инвесторлордун бири экенин белгиледи. Президенттин айтымында, акыркы 30 жылда «Шелл» Казакстандын экономикасына 18 миллиард доллардан ашык инвестиция салган. Ошентип концерн Казакстандагы эң ири чет элдик инвесторлордун бири катары позициясын бекемдеди. Компания Карачаганактын оператору болуп саналат. Кошумчалай кетсек, концерндин жана башка акционерлердин макулдашылган иши өлкөнүн мунай өндүрүшүнүн дээрлик 20%ын камсыз кылган «кылымдын долбоору» Кашаганды ишке киргизүүгө мүмкүндүк берди. Көмүр суутектерин өндүрүүдөн тышкары, аларды дүйнөлүк рынокко ташуу үчүн инфраструктураны түзүү чоң мааниге ээ. Мындай ийгиликтүү биринчи долбоор Каспий түтүк Консорциуму болду. Жалпысынан мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, Казакстандагы трансулуттук мунай-газ корпорацияларынын иши өлкөнүн жогорку инвестициялык жагымдуулугун, анын ичинде инвесторлордун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган мыйзамдардын туруктуулугун сактайт. Президент жакында жасаган кайрылуусунда кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бургандыгын эске салды. Анын айтымында, бул маселени чечүүгө «Шелл» чоң салым кошот. Мамлекет башчысы бул багыттагы ишмердүүлүгүн кеңейтүү үчүн концерндин дарамети чоң экенин белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан Республикасынын Президенти:
- Ата мекендик
бизнесмендер менен жолугушууда мен сөзсүз түрдө жергиликтүү инженерлерди жана
компанияларды тартуу менен долбоорлоо бюролорун Казакстанга көчүрүүгө көмөк
көрсөтүүнү тапшырдым. Жергиликтүү өндүрүштүн үлүшүн көбөйтүү үчүн биздин
өндүрүүчүлөргө мунай жана газ боюнча ири долбоорлорду ишке ашырууга жол ачуу
маанилүү. «Шелл» концернинин жигердүү жана конструктивдүү позициясы Казакстандын
экономикасын ар тараптандырууга олуттуу салым кошот жана компаниянын имиджин
мындан ары дагы жакшыртат деп ишенем.
Которгон: Илгиз Жамалбеков