КазМунайГаз 2029-жылга чейин 24 издөө скважинасын
бургулоону пландаштырууда. Бул
тууралуу Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевге улуттук компаниянын
башкармалыгынын төрагасы билдирди. Асхат Хасенов КазМунайГаз терең жана аз
изилденген аймактарды геологиялык чалгындоого басым жасап жатканын белгиледи.
Бул багытка жалпы инвестициянын көлөмү 900 миллион доллардан ашат. Учурда
Turkish Petroleum Corporation, BP жана Хорватиянын көмүртектер боюнча агенттиги
сыяктуу ири эл аралык компаниялар өлкөдөгү келечектүү аймактарды изилдөөдө. Ал
эми кытайлык CNOOC жана Sinopec компаниялары менен өткөн жылы келишимдер
түзүлгөн. Мунай өндүрүүгө келсек, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча анын көлөмү 26 миллион
тоннадан ашты, бул 2024-жылдын деңгээлинен 10% жогору. Ошондой эле өткөн жылы
үч мунай иштетүүчү завод 17,5 миллион тонна мунайды кайра иштетти. Мындан
тышкары, Батыш Прорва, Борбордук Урихтау жана Рожковское кендеринде газ
өндүрүүнү жылына 2,3 миллиард кубометрге көбөйтүү боюнча иштер жүрүп жатат.
Мамлекет башчысы геологиялык чалгындоо иштерин тездетүүнү жана ири
инвестициялык долбоорлорду өз убагында ишке ашырууну тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

