К. Токаев Евробиримдиктин Казакстандагы элчисин кабыл алды

К. Токаев Евробиримдиктин Казакстандагы элчисин кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев менен Кетутис Янкаускас Казакстан менен Европа Биримдиги ортосундагы мамилелердин артыкчылыктуу багыттарын талкуулады. Мамлекет башчысы Евробиримдиктин элчисин Ак Ордодо кабыл алды. Токаев Казакстандын Европа Биримдиги менен стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары бекемдөөгө чечкиндүүлүгүн, ошондой эле, өлкөнүн демилгеси менен колго алынган С5+ЕБ форматы алкагындагы көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө ниетин ырастады. Мындан тышкары, президент саясий реформалардын ийгиликтүү ишке ашырылып жатканына токтолуп, демократияны чыңдоодо Казакстанга колдоо көрсөткөнү үчүн Европа Биримдигине ыраазычылык билдирди. Тараптар маанилүү чийки зат материалдары, «жашыл» экономикалык өсүш, транспорт, логистика жана айыл чарба тармагындагы кызматташууга өзгөчө көңүл бурду.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков