Казакстанда чалгындоого кыйын кен жайлары изилденүүдө

Казакстанда чалгындоого кыйын кен жайлары изилденүүдө

Казакстанда пайдалуу кендерди табуу максатында чалгындоо кыйын. Башкача айтканда, көрүнбөгөн кен жайлары изилденүүдө. Өлкөнүн өнөр жай жана курулуш министрлигинин маалыматына караганда, алар жүздөгөн, ал тургай миңдеген метр тереңдикте жайгашкан. Аларды аныктоо үчүн жаңы ыкмалар колдонулууда.

Атап айтканда, эң алды менен ар бир аймак боюнча  чектөөлөрдү аныктоо, спектралдык талдоо ыкмаларын колдонуу менен жерди аралыктан зонддоо жүргүзүлөт. Муну менен катар, аймактарда аэрогеофизикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү аркылуу көрүнбөгөн жерлерди аныктоо пландалууда.

Маселен, быйыл Түндүк Балкаш жана Калба-Нарым кен жайларынын аймагында чалгындоо иштери башталат. Кийинки этапта үлгүлөрдү алуу жана лабораториялык анализ жүргүзүлөт. Айта кетсек, былтыр республика боюнча пайдалуу кендер болушу мүмкүн болгон 60 аймак аныкталган. Божомолдор боюнча, ал жактагы кенди иштетүүгө кеткен чыгым 300 миллиард долларга жакын. Жалпысынан Казакстандын аймагында 2 миллион чарчы километр жерде геологиялык изилдөө иштери жүргүзүлдү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков