Казакстанда
сейрек кездешүүчү металлдардын кендери бар 10 участокто геологиялык чалгындоо
иштери аяктады. Караганды облусундагы Күйрыктыкөл кен жайында чалгындоо иштери
жүргүзүлдү. Бул жерде болжол менен 20 миллион тоннага жакын өнөржай корлору бар.
Өлкөнүн башка аймактарында да чоң көлөмдө тантал менен ниобийдин ири корлору бар
экендиги аныкталды. Литий жана башка сейрек кездешүүчү металлдардын кен жайлары
табылды.
Ерлан Акбаров,
өндүрүш жана курулуш министрлигинин геология комитетинин төрагасы:
- 2021-жылы
өкмөттүн тапшырмасы менен 12 участокто иштедик, бул 12 обьекттин 10унда иштер
бүткөрүлдү. Мындан ары геологиялык чалгындоо жумуштарын жүргүзүү зарыл. Мында
инвесторлор иштешет. Учурда бул участкаларды «Тао-Кен Самрукка» өткөрүү
маселеси каралып жатат. Канадалык компания геологиялык чалгындоо иштерин
жүргүзүүгө лицензия алды.
Буга чейин
Казакстандын президенти сейрек кездешүүчү металлдарды өздөштүрүүнүн
маанилүүлүгү тууралуу айткан. Өлкө мындай кендерди иштетүү үчүн 12 миллиард
теңге инвестиция тартууга ниеттенүүдө. Бул каражаттар колдо болгон корлорду өздөштүрүүгө
гана эмес, жогорку технологиялуу чийки
заттын дүйнөлүк рыногунда өлкөнүн позициясын бекемдөөгө мүмкүндүк берет. Белгилей
кетсек, дүйнөлүк рынок баалардын туруктуу өсүү тенденциясын көрсөтөт. Бул
электромобилдерди жана электрондук шаймандарды өндүрүүнүн көбөйүшүнө байланыштуу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

