Астанада «Robotek Grand Tournament» чемпионаты өтүүдө

Астанада мектеп окуучулары арасында робототехника боюнча эл аралык чемпионат өтүп жатат. Бул Казакстандагы үчүнчү Robotek Grand Tournament турнири. Ага Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын эң күчтүү командалары катышууда. Жалпысынан 200дөн ашуун мектеп окуучусу 9-17 жаш аралыгында 7 категория боюнча  ат салышат. Ар бир командага робот кураштырууга бир нече ай берилди. Жарыш алдында бардык роботтор эрежелерге ылайык текшерилди.

 

Санжар Шалкарбеков, «ROBOTEK» мектебинин башкы мүдүрү:

- Эки күндүн ичинде балдар робототехника боюнча жети категорияда сынга түшөт. Бул «Мерген», «Жеткирүүчү робот», «Желекти жеткирүү», «Роботек», «Инверс сызыгы боюнча жарыш» жана башка категориялар. Бул балдардын күчтүү роботторду кураштыруу үчүн мелдешкен категориялар, алар коюлган тапшырманы эки же үч мүнөттүн ичинде аткарышы керек.

 

Сынактын уюштуруучуларынын айтымында, иш-чара робототехника, инженерия жана программалоо жаатындагы таланттуу балдарды аныктоо жана колдоого багытталган. Ошондой эле, жаштар арасында техникалык кесиптерди кеңири жайылтып, техникалык билим берүү маселелерине коомчулуктун жана мамлекеттин көңүлүн бурууну көздөйт. Айта кетсек, Robotek Grand Tournament турниринин алкагында глобалдык TurkTime программасынын алкагында түрк тилдүү өлкөлөрдүн робототехника мектептеринин ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлган. Алардын бири Кыргызстандан. Аталган өлкөнүн жаш катышуучулары турнирге өздөрүнүн иштеп чыгууларын алып келишти.


Аруубек Баймырзаев, Эл аралык чемпионаттын катышуучусу:

- Негизи Казакстан абдан кооз өлкө. Кандай болгондо да биз жакынбыз. Абдан ынтымактуу, меймандос эл экендиги мага абдан жакты. Башка командалар менен да таанышып жатабыз. Мисалы, Тажикстан, Өзбекстан менен бир аз сүйлөштүк. Алардан да оң пикирлерди уктум. Биздин робот бир чекиттен экинчисине ар кандай жүктөрдү жеткирет. Биз бул ишти аткардык, эми аны текшеребиз.

 

Ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине баалуу белектер жана дипломдор тапшырылат, ошондой эле, атайын номинациялар боюнча – «Мыкты инженердик чечим», «Мыкты элеттик» жана «Чет элдик команда» сыйлыктары даярдалат. Белгилей кетсек, чемпионаттын жеңүүчүлөрүнүн бирине Казак-Британ техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар жана инженерия факультетине окууга грант берилет.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков