Казакстанда «Сырым баатыр» комикси жарык көрдү

Казакстанда «Сырым баатыр» комикси жарык көрдү

Казакстанда балдарга арналган «Сырым баатыр» комикси жарык көрдү. Анда 1783-1797-жылдардагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн колбашчысы Сырым Датылу  даңазаланат. Жаңы чыгарма желеси боюнча сапарга чыккан ата бала «Сырым чыккан дөбө» деп аталган аймактагы күмбөзгө токтошот. Атасы уулуна ыйык жайдын окуясын айтып берет. Бул жерде даңктуу колбашчы душмандын мизин кайтарган. Комикс 2000 нускада чыкты. QR-код аркылуу китептин видео нускасын көрүүгө болот. Баланын эсинде сактоого жардам болсун деп атайын тапшырма менен сөз кураштыруу сунушталган.

Жантас Сафуллин, «Сырым баатыр» комиксинин автору:

- Комикс болсо да тексттер ыр менен куралгандыктан бала аны окуган кезде тез жаттап алууга ыңгайлуу болушу үчүн текстти ыр түрүндө бердик. Сүрөттөрүндө тарыхый инсандарыбыздын көрүнүшүн мүмкүн болушунча туураганга аракет кылдык. Бул комикстеги окуялардын бардыгы чыныгы тарыхый окуя. Мунун баары, мындайча айтканда, ойдон, кыялдан чыгарылган эмес, мунун баары-казак тарыхында болгон окуялар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков