Мамлекет башчысы Актөбе облусуна барды. Касым-Жомарт Токаев Советтер Союзунун Баатыры Алия Молдагулованын мемориалдык эстелик комплексине гүл койду. Рухуна бир мүнөт үнсүздүк менен таазим этти. Быйыл казактын баатыр кызынын туулганына 100 жыл толуп отурат. Президент баатырдын эстелигинин жанында жергиликтүү эл менен баарлашты. Жолугушуунун жүрүшүндө азыркы туруксуз заманда биримдик менен ынтымакты сактоо өтө маанилүү экенине көңүл бурду. Мамлекет башчысы Актөбөде XI «Айбын» эл аралык аскердик-патриоттук жаштар жыйынына катышат.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Алия Молдагулова – элибиздин кайраттуу кызы. Ал кишинин 100 жылдыгына карата мен атайын келип отурам. Эң алды менен - атуулдук парзым. Таазим этүү үчүн келип отурам. Баарыңыздарга чоң рахмат. Алиянын ысымын элибиздин арасында, чет өлкөдө кеңири масштабда даңазалашыбыз керек. Алия Молдагулова чыныгы баатыр кыз. Биздин сыймыгыбыз. Ошондуктан анын ысымы биздин эсибизде түбөлүккө сакталат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

