«Союз-5/Сункар» ракетасы учуу алдында акыркы текшерүүдөн өтөт

«Союз-5/Сункар» ракетасы учуу алдында акыркы текшерүүдөн өтөт

Жаңы «Союз-5/Сункар» ракета алып жүрүүчүсүнүн ата мекендик «Байконур» аянтчасынан биринчи учурулушу 2026-жылдын биринчи кварталына пландаштырылган. Эске сала кетсек, долбоорду Казакстан Орусия менен биргеликте ишке ашырууда. Учурда адистер старттык комплекстин кырктан ашык түрдүү системаларына комплекстүү текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ракетаны жана жер үстүндөгү инфраструктураны түзүүдө жаңы инженердик жана технологиялык чечимдер колдонулганы белгиленет. Кошумча сыноолорду өткөрүү жана долбоорду ишке киргизүү мөөнөттөрүн оңдоо алардын ишенимдүүлүгүнө жана коопсуздугуна ынануу үчүн чечилди.

Айдын Аимбетов, «Байтерек» АК башкармалыгынын төрагасы:

- Иштер дээрлик бүткөрүлдү, адистер окуудан өтүштү, ошондой эле практикалык такшалмадан өтүштү. Согуштук эсептөөлөр учуруу комплексин тейлөөгө даяр. Учурда ракета алып жүрүүчү атайын аянтчада турат. Келечекте автономдуу сыноолордон өткөндөн кийин, ракета алып жүрүүчү транспорттук орнотуу агрегатына жүктөлөт. Анда ал учуруу комплексине которулат, ал жерде кошумча сыноолорду өткөрүү жана учурууну ишке ашыруу үчүн ракетаны вертикалдаштыруу жүргүзүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков