Казакстандын президенти жана Иорданиянын королу Борбор
Азиядагы эң ири инновациялык кластер – Astana Hubга барышты. Мында
жогорку даражалуу конокторду республиканын IT жана жасалма интеллект жаатындагы
жетишкендиктери, атап айтканда, эл аралык рынокко ийгиликтүү чыгып жаткан
жергиликтүү компаниялардын иштеп чыгуулары менен тааныштырышты. Бул мамлекеттик
сектор үчүн AI чечимдерин киргизүү, Казакстанда жана чет өлкөлөрдө 1 миллиондон
ашык окуучу пайдаланган математика боюнча билим берүү платформасы,
жүргүнчүлөрдү ташуу кызматы боюнча долбоор
болуп саналат. Санариптик өнүгүү,
инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри Жаслан Мадиев ушул күздө
Астанада ачылышы пландаштырылган Alem.AI Эл аралык жасалма интеллект борборунун
концепциясын тааныштырды.
Касым-Жомарт Токаев менен Абдалла II бен аль-Хусейн «Астана» эл аралык каржы борборуна
барышты. Ал түзүлгөндөн бери 17 миллиард доллардан ашык инвестиция
тартып, 85 өлкөдөн 4200дөн ашык компанияны бириктирди. Бул жерде жогорку
даражалуу конокторду АЭКБ сотунун, Эл аралык арбитраждык борборунун, Каржылык
кызматтарды жөнгө салуу комитетинин, АЭКБ биржасынын ишмердүүлүгүнүн жана
өзгөчөлүктөрү менен тааныштырышты, ошондой эле уникалдуу корпоративдик
"Ишеним музейи" тууралуу айтып беришти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

