Казакстандык ардагерлер тууралуу маалыматтык портал ишке кирди

Казакстандык ардагерлер тууралуу маалыматтык портал ишке кирди

Ардагерлердин тагдыры менен таанышып, фронттогу жоокерлер тууралуу жеткиликтүү маалымат атайын порталда. Казакстанда batyrlargatagzym.kz сайты ачылды. Бул жерде 100 миңден ашык жоокер тууралуу маалыматтар жайгаштырылган. Алар ар кандай булактардан жыйналды. Портал пилоттук режимде өткөн жылы ишке киргизилген, бирок коомчулуктун жана ыктыярчылардын чоң кызыгуусу анын функционалдуулугун кеңейтүүгө мүмкүндүк берди. Эми фронттогу жоокерди фамилиясы, аты, атасынын аты боюнча табууга болот. Жакында долбоордун командасы башка параметрлерди, анын ичинде туулган жерин, кызматын же наамын колдонуу менен издөөнү ишке ашырууну убада кылууда. Мындан тышкары, ар бир казакстандык ардагерлер тууралуу маалыматтарды толуктоо менен өз салымын кошо алат. Бул жеке үй-бүлөлүк архивден алынган документтер, сүрөттөр же фронттон келген каттар болушу мүмкүн. Маданият жана маалымат министринин айтымында, долбоордун негизги максаты – ар бир баатырдын тарыхта татыктуу бааланышын камсыз кылуу. Иштеп чыгуучулар Жеңиштин 80 жылдыгына карата портал бардык ардагерлер боюнча маалыматтарды бириктирет деп үмүттөнөт.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков