Казакстанда өсүмдүктүн жаңы түрү табылды. Аны Батыш Казакстан университетинин окумуштуулары илимий экспедиция учурунда аныкташты. Иш сапардын жүрүшүндө адистер Атырау облусунун Индер районунун жаратылыш комплексине гео жана ботаникалык экосистема менен биогеографиялык изилдөөлөрдү жүргүзүштү. Натыйжада астрагал тукумундагы гүлдү аныктаган. Жакынкы арада окумуштуулар аны толук изилдеп чыгышы пландалууда. Бул жаӊылык ата мекендик илимге эле эмес, дүйнөлүк илимге да зор салым кошоору анык. Бул тармактын адистери белгилешип, натыйжада астрагал тукумундагы гүлдү аныктаган. Жакынкы арада окумуштуулар аны толук изилдеп чыгышы пландалууда. Тармак адистери бул жаӊылык ата мекендик илимге эле эмес, дүйнөлүк илимге да зор салым кошоору анык, деп белгилешти.
Кажымурат Ахмеденов, М.Өтемисов атындагы Батыш-Казакстан университетинин проректору:
– Бул түр өзүнүн уникалдуу түзүлүшү менен айырмаланат. Ошондой эле, өзгөчө түрдө гүлдөйт. Чубар астрагал менен кыска канаттуу астрагалдын ортосунда өткөөл белгилер бар. Ошондуктан, бул өсүмдүктөрдүн жаңы түрү деп эсептейбиз. Гүлгө илимий изилдөө жүргүзүү үчүн эки-үч жылдай убакыт талап кылынат. Майда-чүйдөсүнө тажрыйба жүргүзгөндөн кийин, адистер менен кеңешип, морфологиялык жана генетикалык терең талдоо жасап, биз бул түргө атоо берип, аны өсүмдүктөрдүн дүйнөлүк маалымат базасына киргизсек болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков