Түркмөнстанда жаңы суу чарба объекттери ишке киргизилди

Түркмөнстанда жаңы суу чарба объекттери ишке киргизилди

Түркмөнстандын борборунун суу менен камсыз кылынышында негизги ролду ойногон Каракум дарыясында жаңы стратегиялык гидро түйүн иштей баштады. Ал Ашхабадды туруктуу жана үзгүлтүксүз суу менен камсыз кылат. Объекттин өткөрүү жөндөмдүүлүгү секундасына 181 куб метрди түзөт. Гидро түйүндүн иштеши үчүн заманбап технологиялык чечимдер колдонулган: кубаттуу гидро клапандар орнотулган, бардык механизмдер нымдан жана коррозиядан корголгон. Кызматкерлердин коопсуздугуна да өзгөчө көңүл бурулган.


Ошондой эле Түркмөнстандын Ахал облусунда эки жаңы заманбап суу насостук станция ишке киргизилди. Станцияларда технологиялык процесстер толугу менен автоматташтырылган – суу берүү параметрлерин башкаруу жана көзөмөлдөө компьютердик системалар аркылуу жүргүзүлөт. Бул жабдуулардын туруктуу жана натыйжалуу иштешин камсыз кылат. Белгилей кетчү нерсе, бул долбоорлордун ишке ашырылышы суу чарба инфраструктурасын өнүктүрүү жана калкты суу ресурстарына ишенимдүү жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик стратегиянын бир бөлүгү болуп калды.


Аннагулы Аннаев, Түркмөнстандын Суу чарба мамлекеттик комитетине караштуу бирикменин адиси:


– Гидротехникалык комплексти башкаруу толугу менен санариптештирилген. Система үч режимде иштей алат — механикалык, автоматтык жана санариптик. Акыркы эки объектте бардык процесстерди көзөмөлдөө жана суу өткөрүүчү дарбазаларды жөнгө салуу диспетчердик борбордон аралыктан башкарылат. Зарыл болсо, кол менен башкаруу режими да каралган. Бул учурда адистер атайын штурвалдарды колдонуп, дарбазалардын ишин жеринде өз алдынча жөнгө сала алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков