Казакстанда суу ресурстарынын бирдиктүү маалымат
системасы жасалып жатат. Бул үчүн өнөр жай министрлиги менен «Казакстан Космос
Сапары» улуттук компаниясынын адистери биргелешип иштеп жатышат. Анда өлкөнүн
суу чарба объектилери, атап айтканда, суу сактагычтар жана дамбалар, шлюздар,
ирригациялык системалар, каналдар жана жамгыр суусун чогултуучу арыктар жана
башкалар тууралуу маалыматтар камтылат. Мындан тышкары, бирдиктүү маалыматтык
базасы ичүүчү таза суу менен чарбачылыкта колдонулуучу тиричилик булагынын өз
керектөөчүлөрүнө чейинки жолун толугу
менен көзөмөлдөп турат.
Алихан Салимжанов, санариптештирүү департаментинин
серепчиси:
- Бүгүнкү күндө Казакстандын бир катар аймактарында
ирригациялык системаларды санариптештирүү иштери жүргүзүлүүдө. Алдыдагы
убакытта санариптештирүү элементтерин, жалпы маалымат базасына киргизүү
мерчемделүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков