Астанада жаштардын жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу маселеси талкууланды

Астанада жаштардын жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу маселеси талкууланды

Бүгүн Астана шаарындагы Jastar X диалог аянтчасында серепчилер жана казакстандык жаштар жаңы Конституциянын долбоорунун негизги жоболорун талкуулашты. Катышуучулар документте жаштар үчүн маанилүү темалар – билим берүүнү, илимди, технологияларды өнүктүрүү, санариптик укуктарды жана жеке маалыматтарды коргоо чагылдырылганын белгилешти. Жолугушууда жаштардын жарандык активдүүлүгү, алардын өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы да козголду. Талдоочулардын айтымында, азыркы жаш казакстандыктар активдүүлүгү менен айырмаланып, чечимдерди кабыл алууга катышууга умтулушат. Жарандардын мындай аң-сезимдүү катышуусу өлкөдө күчтүү демократиялык институттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Гулисхан Нахбаева, «Жаштар» илимий-изилдөө борборунун мүдүрү:

Жаштар - бул Казакстандын стратегиялык ресурсу. Алар мамлекеттин узак мөөнөттүү өнөктөшү болуп саналат, алар бүгүн гана эмес, эртең жана кийинки жылдары да саясий процесстердеги ушундай чоң өзгөрүүлөргө добуш бере алышат. Бүгүн биз өлкөдөгү чоң өзгөрүүлөрдүн алдында турабыз. Биз жарандык коомдун активдүү катышуучулары, жаштардын өкүлдөрү катары, албетте, колдоого даярбыз.

Жанна Асанова, Парламент сенатынын депутаты:

– Референдум, ал эмне үчүн өткөрүлөт? Чечим жабык эмес, жалпы элдик болушу үчүн, ар бир адам аны аң-сезимдүү кабыл алышы үчүн. Анткени бул өзгөртүүлөр, тагыраагы бул конституция ар бир адам үчүн маанилүү. Ошондуктан мен ойлойм, активдүүлүктү көрсөтүү бул жарандык коомдун жетилгендигинин белгиси.

Которгон: Илгиз Жамалбеков