Казакстандыктардан
e-Otinish жана Egov кызматтары аркылуу Парламенттик реформага байланыштуу 500гө
жакын сунуш түштү. Азыр жарандардын демилгелерин талдоо, системалаштыруу иштери
жүргүзүлүүдө. Мамлекеттик кеңешчи Казакстан президентине парламенттик реформа
боюнча жумуш тобунун аралык жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Касым-Жомарт
Токаев Ерлан Карин жана президенттин
укуктук маселелер боюнча жардамчысы Ержан Жиенбаев менен жумушчу кеңешин
өткөрдү. Жумушчу тобунун буга чейинки отуруштарында бир палаталуу Парламентти
калыптандыруу жана анын мыйзам чыгаруу функцияларын жүзөгө ашыруу маселелери
талкууланды. Үчтүн айынын 9на пландаштырылган жыйынында калган багыттар боюнча
сунуштар дыкат каралат. Мамлекет башчысы парламентти реформалоо саясий
системаны трансформациялоо процессинде өзгөчө роль ойной турганын белгилеп,
бардык демилгени жан-жактуу талдап, анын негизинде конституциялык реформанын
базалык ыкмаларын иштеп чыгууну тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

