Казакстандын Президенти жогорку аудит палатасынын төрагасын кабыл алды

Казакстандын Президенти жогорку аудит палатасынын төрагасын кабыл алды

Аудитордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекеттин пайдасына 112 млрд теңге өндүрүлдү. Бул тууралуу Казакстандын Президентине өлкөнүн Жогорку аудитордук палатасынын төрагасы билдирди. Алихан Смаилов быйыл 9 айда жалпы наркы 32 трлн теңге болгон 18 ири текшерүү жүргүзүлгөнүн айтты. Ошондой эле Мамлекет башчысына аудитордук иштин бардык этаптарын автоматташтыра турган маалыматтык система киргизилгенин жеткирди. Мекеме кийинки жылы 40ка жакын аудитордук текшерүү жүргүзүүнү пландап жатат. Ал ата мекендик фармацевтикалык өнүм өндүрүүчүлөрдү колдоо, инвестиция тартуу, автоунаа жолдорун өнүктүрүү, ошондой эле Казактелеком менен Казпочта жана башка мекемелерди камтыйт. Жолугушуунун соңунда Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик аудитти өркүндөтүү боюнча бир катар конкреттүү тапшырма берди.


Которгон: Илгиз Жамалбеков