Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары туристтердин көзү менен

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнөнүн көңүл борборунда. Төгөрөктүн  төрт бурчундагы  көрүүчүлөрдүн бири сыналгы, интернетке көз чаптырча, бири Астанага келди. Масштабдуу мелдешти өз көзү менен көргүсү келгендердин арасында Өзбекстандын белгилүү опера ырчысы Курсанд Шеров да бар. Ал Ташкенттен Астанага велосипед менен жеткен.

Курсанд Шеров, Турист, Өзбекстан:

– Мен бул жакка көчмөндөр фестивалын колдоо үчүн атайын келдим. Мындай чоң аралыкты биздин балбандардын, Азия дүйнөсүнүн балбандарынын жетишкендиктерин колдоо үчүн басып өттүм.

Мелдешти көрүү үчүн Казакстанга агылган саякатчылардын арасында океан ашкандар да жок эмес. Сарыаркага атайын келгендердин максаты бир: көчмөндөрдүн мурасы менен жакындан таанышуу.

Мен Австралиядан келдим. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу деңгээли абдан жогору. Үч күн бою эр-эңиш, көк бөрү, жамбы атуу сыяктуу байыркы оюндар менен тааныштым.

Сингапурдан Казакстанга мотоцикл менен келдим. Биринчи көргөн оюнум ат үстүндө жаа атуу болду. Ошондой эле көкпар жана күрөш боюнча мелдештердин күйөрмандары болууну пландап жатабыз. Мен бул иш-чарадан абдан таасирленип жатам.

Чет элдик коноктор Улуу Талаанын байыркы оюндары менен катар түрк дүйнөсүнүн бай маданий жана руханий мурастары менен тааныш экенин айтышат. Дүйнө саякатчылары казактардын салт-санаасына, меймандостугуна суктанышат.

– Абдан уникалдуу маданият. Бул жерден мен мурда көрбөгөн уникалдуу нерселер менен тааныштым. Ат үстүндө жаа атуу, деги эле оюндар мага абдан жакты.

– Мен Калифорниядан, Америка Кошмо Штаттарынан келдим. Астанада Көчмөндөр оюну абдан жакшы өтүп жатат. Эли абдан меймандос, маданияты өзүнө тартып турат. Мен Казакстанды чындап сүйүп калдым.

– Масштабдуу мелдештин коноктору спорттук мелдештерден тышкары атайын түзүлгөн этно шаарчада көчмөндөрдүн маданияты менен тааныша алышат. Аянты 10 гектар болгон ачык асман алдындагы комплекс күнүнө 30 000 кишини кабыл алат.

Борбордун айланасы түрк цивилизациясынын байыркы айылы сыяктуу. Бул жерде боз үйлөр тигилип, казан кайнатылып, усталардын көргөзмөлөрү уюштурулуп, салттуу концерттик программалар сунушталып жатат. Көчмөндөр оюндарынын катышуучулары жана коноктору бул жерден түрк дүйнөсүнөн  ырахат ала алышат.

Белгилей кетсек, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрүү үчүн Астанага 100 миңден ашык турист келери күтүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков