Казакстанда
илимий изилдөө максатында жасалма интеллект моделдеринин окуу маалыматтарын
пайдалануу тартиби жөнгө салынат. Муну менен катар, электрондук өкмөт маалыматтарын улуттук реестрлер боюнча баалоочу дата-көзөмөлдөөчүлөр институту киргизилет. Мажилис Мамлекеттик статистиканы
өркүндөтүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Депутаттар чоң
маалыматтар жана санариптештирүү доорунда маалымат топтоонун эски ыкмалары
актуалдуулугун жоготот деп эсептешет. Ошондуктан алар демилгелеген документ
аркылуу маалыматтарды башкаруу жана статистикалык маалыматты түзүү ыкмаларын
кайра карап чыгуу үчүн укуктук шарттарды түзүүнү көздөшүүдө. Ага ылайык,
маалыматтарды башкаруу талаптары өкмөттүн токтому менен бекитилет. Административдик
маалыматтардын сапатына көзөмөл күчөтүлөт. Ошондой эле, альтернативдик маалыматтар түшүнүгү киргизилет.
Екатерина
Смышляева, Парламент Мажилисинин депутаты:
- Бюро менен макулдашуу боюнча мындай маалыматтар статистикалык отчёттуулук жана маалыматтарды талдоо үчүн берилет. Улуттук аныктамалык
маалымат түшүнүгү киргизилди - бул классификациялардын, каталогдордун,
маалымдамалардын жана номенклатуралардын жыйындысы. «Улуттук реестрлерге» укуктук
макам берилет - бул Электрондук Өкмөт Архитектурасынын алкагында бардык
тармактар боюнча эталондук маалыматтарды камтыган базалар. Эч кандай
кайталоо, туура эмес маалымат жана фейктер болбойт.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков