Жаңы Конституция социалдык чөйрөнү өнүктүрүүнүн жана
биримдикти бекемдөөнүн таянычы болушу керек. Бул тууралуу талдоочулар Кызылорда шаарындагы
талкуу аянтында билдиришти. Жыйынга катышкандар өздөрүн кызыктырган суроолорду
берип, жаңы Конституциянын жаңылыктары боюнча өз көз караштары менен бөлүшүштү.
Спикерлердин айтымында, негизги принциптердин бири – жарандардын укуктарын жана
эркиндиктерин коргоо, бул анын эң жогорку артыкчылыгы катары аныкталган.
Гульшат Мусаева, облусттук маслихаттын депутаты:
– Жаңы Конституциянын, ошондой эле бүт мамлекеттик
системанын негизин адам укуктары жана улуттук баалуулуктар түзөт. Кириш сөздө
эле негизги принциптер – өлкөнүн эгемендүүлүгү, көз карандысыздыгы жана
аймактык бүтүндүгү так бекитилген. Мындан тышкары, нике эркек менен аялдын
ыктыярдуу союзу катары аныкталган. Биздин оюбузча, мындай нормалар салттуу
баалуулуктарды сактоого жардам берет.
Атырауда да жаңы
Конституциянын долбоорунун негизги баалуулуктары талкууланды. Негизги
темалардын бири болуп улуу талаанын миң жылдык тарыхынын уланмалуулугун жогорку
деңгээлде баса белгилеген жаңы преамбула болду. Жаңыланган Баш мыйзамда
бекитилген тарыхый-маданий мурастарды сактоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой
эле улуу муундун өлкөнүн келечегин калыптандыруудагы өзгөчө ролу белгиленди.
Жолугушуунун катышуучулары жаңы Конституция республиканын өнүгүшүнө кошумча
түрткү берип, жарандардын коомдук турмушка катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет
деген пикирин билдиришти.
Сайпулла Сапанов, саясат таануучу:
– Саясий реформалар биздин жашообуздун дээрлик бардык тармактарын камтыйт. Анын ичинде экономикалык туруктуулук жана өнүгүү, жарандык коомду бекемдөө, мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү, билим берүү жана илимди өнүктүрүү. Биздин Конституциябыз бардыгы үчүн бирдей, Баш мыйзам болушу керек – адамдарды бөлбөстөн, адилеттүүлүк жана теңдик принциптерин бекиткен мыйзам болушу керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

