Казакстанда ZOOMга альтернатива түзүлдү

Казакстанда ZOOMга альтернатива түзүлдү

Казакстанда Zoom альтернативасы түзүлдү. Видео-конференциялар үчүн ата мекендик «Qosyl» тиркемеси мамлекеттик органдарда тесттен өткөрүлүп, учурда видео-консультацияларды уюштуруу үчүн колдонулууда. Казакстандык өнүмдүн негизги өзгөчөлүгү - бул программада убакыт жагынан  чектөө жок. Ошондуктан, тиркеменин чөйрөсүн кеңейтүү жана аны андан ары өнүктүрүү пландаштырылууда. Мындан тышкары, программаны адаптациялоо жана билим берүү тармагында да колдонуу көздөлүп жатат.  Эске сала кетсек, президент Касым-Жомарт Токаев окуу процессине керектүү бардык функцияларды камтыган бирдиктүү онлайн платформа түзүп чыгууну тапшырган. Ал кезде коронавирус пандемиясына байланыштуу дүйнө жүзү боюнча окуучулардын жана студенттердин көпчүлүгү дистанттык окутуу форматына өткөн. Ал эми 2021-жылдын күзүндө Санариптик өнүктүрүү министрлиги видеобайланышка арналган 50 казакстандык платформаны карап жатканын маалымдаган. Анын 5ин видеоконференция үчүн колдонду.

 

Нурислан Исаков, «Qosyl» долбоорунун жетекчиси:

- Биздин негизги артыкчылыгыбыз система Казакстандын аймагындагы серверлерде гана колдонууга арналгандыктан, башка өлкөлөр менен маалымат алмашуунун алдын алат. Мындан тышкары, «Qosyl» маалыматтык коопсуздукту талап кылган бардык текшерүүлөрдөн ийгиликтүү өттү. Анткени бул мамлекеттик органдар үчүн абдан маанилүү. Жалпысынан тутумда видеоконференция өткөрүү үчүн зарыл болгон бардык функция бар. Дагы бир артыкчылыгы - колдонууга оңой жана атайын жабдууларды талап кылбайт. Ошондуктан, ал ар кандай техника менен колдонууга ыңгайлуу. Бирок азыр биз программаны тез-тез жаңыртып, ата мекендик өнүмдү өнүктүрүү үчүн жаңы функцияларды кошуп жатабыз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков