Казакстанда 40 мегаваттык күн электр станциясы ишке кошулду

Казакстанда 40 мегаваттык күн электр станциясы ишке кошулду

Өлкөдө дагы бир күн электр станциясы ишке кирди. Кубаттуулугу 40 мегаватт болгон объект Кызылорда облусунда жайгашкан. Бул долбоорго кытайлык инвестор каржы салган. Аянты сексен гектарды түзгөн күн электр станциясы 56 миң даана эки тараптуу күн панелдеринен турат. Эми алдыда дагы 20 мегаватт боло турган жабдуулар алып келинет. Бул өндүрүш очоктору менен кошо, ошол аймактагы элди да толугу менен камтууга мүмкүн  дейт адистер.

Мади Кырыкбаев, Күн электр станциясынын башчысы:

- Бизде күн панелдери бар. Андан тышкары, чыңалууну жогорулатуучу трансформаторлорубуз бар. Бул уран өндүрүүчү РУ-6 станциясына,  андан ары күндөн алынган энергияны түз эле тармакка берет. Ошол аркылуу элге, керектөөчүлөргө жарык жетет.

Жалпысынан, аймакта ушундай чакан панелдерди орнотуу менен катар, ири долбоорлор да ишке ашырылууда. Мисалы, жаңыдан курулган жылуулук электр борбору жылына 240 мегаватт кубат өндүрүүгө жөндөмдүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков