Казакстанда кооптуу өндүрүш менен ишканаларды текшерүү жүргүзүлөт. Мындай тапшырманы Мамлекет башчысы Улытау облусундагы «Казахмыс» корпорациясынын кен ишканасындагы кайгылуу окуяга байланыштуу берди. Президент эмгек коопсуздугу жаатындагы жол берилгис абалга көңүл бурду. Компаниялар мындай долбоорлорго жетиштүү инвестиция салышпайт. Бул техногендик кырсыктарга, жумушчулардын курмандыгына жана жаракат алышына алып келет. Касым-Жомарт Токаев Өкмөткө бир катар чараларды көрүүнү тапшырды. Анын ичинде объекттерде санариптештирүүнү, божомолдоонун жана кабарлоонун автоматташтырылган системаларын, ошондой эле эмгек коопсуздугунун заманбап системаларын, сейсмодатчиктерди, позициялоо системаларын жана башкаларды киргизүүнү камсыздоо. Мындан тышкары, Мамлекет башчысы өнөр жай коопсуздугу жаатында тескөө жана көзөмөлдөө механизмдерин күчөтүүнү тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

