Өлкөдө креативдүү индустрия компанияларынын реестри түзүлөт

Өлкөдө креативдүү индустрия компанияларынын реестри түзүлөт

Казакстанда креативдүү кесип ээлеринин бирдиктүү тизмесин түзүү пландалууда. Ага өлкөдөгү маданият, кино, музыка, дизайн жана башка дагы багыттардын адистери кирет. Сенатта креативдүү индустрияларды колдоо жана өнүктүрүү маселелери боюнча мыйзам каралып, жактырылды. Депутат Айгүл Капбарованын айтымында, онлайн тизме мамлекетке креативдүү бизнес өкүлдөрүн жана дараметтүү долбоорлорду натыйжалуу колдоого мүмкүндүк берет. Ар бир аймакта таланттуу адамдарга көмөк көрсөтүү жана жергиликтүү жерлерде креативдүү ишкердикти өнүктүрүү үчүн жаңы механизмдер киргизилет.

Руслан Рустемов, Парламент Сенатынын депутаты:

- 2024-жылдан баштап чыгармачыл индустриянын айрым ишмердүүлүк түрлөрү үчүн 2-4% өлчөмүндө атайын чекене салык киргизилди. Бул чара өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. Бир жылдын ичинде тармак субъекттеринин саны 17%га өстү. Учурда чыгармачыл индустрия тармагында 150 миңге жакын адам эмгектенет, ал эми субъекттердин саны 46 миңден ашты. 2029-жылга карай тармактын ички дүң өнүмдөгү  үлүшүн 2%га чейин арттыруу, экспорт көлөмүн 115 млн АКШ долларына жеткирүү жана жумуш менен камсыздалгандардын санын 180 миң адамга чейин көбөйтүү мерчемделген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков