Улуттук курултай - бийлик менен жарандардын ортосундагы натыйжалуу диалог аянтчасы

Улуттук курултай - бийлик менен жарандардын ортосундагы натыйжалуу диалог аянтчасы

Улуттук курултай-бул Касым-Жомарт Токаев тарабынан демилгелеген негизги коомдук аянтча. Казакстан Президентинин Администрациясынын жетекчиси белгилегендей, жыйындарда казак коомчулугу үчүн маанилүү болгон маданий-руханий чөйрөнү, илим жана билим берүүнү, ички саясатты өнүктүрүүдөн баштап, экономикалык жана социалдык блокторго чейинки маселелердин кеңири спектри каралат. Айбек Дадебайдын айтымында, Бурабайдагы Улуттук курултайдын төртүнчү жыйынында айтылган мамлекет башчынын бардык тапшырмалары Президенттин Администрациясы тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынды.


Айбек Дадебаев, Президент администрациясынын жетекчиси:


- Президент өз сөзүндө Казакстандын узак мөөнөттүү өнүгүү келечеги боюнча өз көз карашын билдирди. Мамлекет башчысы адамдык дараметти мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле масштабдуу инфраструктуралык, транспорттук, энергетикалык долбоорлорду, агроөнөр жай секторун, санариптештирүү жана жасалма интеллектти ишке ашыруу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди. Алдыда серепчилик коомчулуктун катышуусунда Парламент менен бирге Өкмөттүн алдында бир топ маанилүү иштер турат.


Которгон: Илгиз Жамалбеков