Сенат аялдар менен балдарды коргоо тууралуу мыйзамды кабыл алды

Сенат аялдар менен балдарды коргоо тууралуу мыйзамды кабыл алды

Казакстандын парламенти аялдардын укуктарын жана балдардын коопсуздугун коргоону күчөтүүгө багытталган түзөтүүлөр топтомун кабыл алды. Сенаторлор мыйзамды эки окууда кабыл алышты. Белгилей кетсек, документти мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча палатанын депутаттары иштеп чыгышкан. Анда мыйзамдарга жана кодекстерге 70тен ашык өзгөртүүлөр киргизилди. Атап айтканда, аялдардын жана балдардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуунун кошумча укуктук механизмдери киргизилип, аларга каршы кылмыштуулуктун алдын алуу жана бөгөт коюу иштери жүргүзүлүүдө. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук үчүн жоопкерчилик жогорулайт. Парламентарийлердин айтымында, жалпысынан мыйзам өлкөдө үй-бүлө институтун бекемдөөгө жана салттуу баалуулуктарды жайылтууга багытталган. Айта кетсек, атайын бул үчүн облустун ар бир районунда үй-бүлөлөрдү колдоо борборлору ачылып, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү эрте аныктоо үчүн мобилдик топтор да түзүлөт.

Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы: 

 Бул мыйзам долбоорунда аталган мыйзамдарга ылайык турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча жоболор каралган. Бул аркылуу тиешелүү органдардын ыйгарым укуктары аныкталат. Үй-бүлөнү колдоо борборлору жана байланыш борборлор сыяктуу уюмдардын компетенциялары да мыйзам деңгээлинде белгиленет. Мыйзамдардын негизги максаты жоопкерчиликти жогорулатуу гана эмес, аялдарды жана балдарды колдоо болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков