Бүгүн Казакстанда Көрүшүү күнү белгиленүүдө. Бул майрамдын дагы бир аталышы - Амал майрамы. Айта кетсек, илгери жалган куран айынын 14ү жаңы жылдын башталышы болгон. Бул күнү адамдар бири-бирин жаздын келиши менен куттуктап, жакшылык каалап, өткөн таарынычтар үчүн кечирим сурашкан. Муну менен катар, улууларга урмат-сый көрсөткөн салттуу көрүнүш болгон. Буга чейин бул майрамды белгилөө өлкөнүн батыш аймактарында гана сакталып келген. Бирок бүгүнкү күндө өлкө боюнча кеңири таралып келүүдө. Атап айтканда, республиканын бардык аймактары менен катар Орусиядагы Астрахань, Саратов, Самара, Орынбор облустарындагы казактар да майрамдашат. Амал майрамында салт боюнча мол дасторкон жайылып, улуттук тамак-аштар даярдалат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков